Бүгүн, 26-июлда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына катыша турган спортчуларга, делегациянын мүчөлөрүнө аккредитациялык карталар жана атайын белгилер тапшырылды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов ушуну менен XXXI Олимпиада оюндарына аттанчу курам толук даярдыктан өткөнүн айтты. Эми спортчулар Бразилияга учуу үчүн камдана беришсе болот.
Анын айтымында, мелдештин тартибине карап, океандын ары жагына алгачкы топ бир-эки күн ичинде жөнөйт. Андан кийин калгандары акырындык менен жөнөшөт.