Белгилүү ырчы Гүлнур Асанованын "Энеме" ырына тартылган клибинин бет ачары 26-июлда Бишкек шаарында өткөрүлдү. Кечеге ырчынын жакындары, курбулары, сахналаш достору жана
киноактёрлор катышты.
"Клип Гүлнурдун өзүнүн идеясы менен тартылды. Ал буга чейин "Энеме" деген ырды ырдап, көрүүчүлөргө тартуулоо оюн айтып жүргөн. Клипте мен Гүлнурдун апасынын образын жараттым. Бүгүн бет ачарына катышып жатабыз. Буюрса, көрүүчүлөр жылуу кабыл алат деген ойдомун", - деп билдирди клиптин бет ачарын уюштурган Миргүл Расул кызы.
Ачылыш аземине белгилүү ырчы Жамиля Муратова да катышты. Ал: "Мен Гүлнурдун чыгармачылыгын абдан сыйлайм. Ал жаш, таланттуу кыз. Мындан ары Гүлнур чыгармачылыкта дагы ийгиликтерге жетишет деп турам. Клип мага аябай жакты, Гүлнурга чыгармачылык ийгилик каалайм", - деген каалоосун айтты.
Ошондой эле кечеге ырчылар Динара Акулова, Анжелика Бекболиева, Сайра Момунбаева, Акбар Сүйүнбаев, телеалпаруучу Нурзат Токтосунова, манасчы Дөөлөт Сыдыков, кинорежиссёр Ырыс Окенова, белгилүү ди-джей Назгүл Айдаралиева баштаган ди-джейлер тобу жана телепродюсер Асыл Апасова катышты.
"Клипти эки жумалык убакытта даярдап, бир күндө тартып бүтмөй болгонбуз. Бирок жетишпей, эки күндө тартып бүттүк. Бул менин экинчи клибим. Мындан ары маанай көтөргөн жакшы чыгармаларды жаратам. Ал эми кино жаатында да кайгылуу образдарды эмес, шаңдуу ролдорду аткарам", - деп билдирди Гүлнур Асанова.
Гүлнур Асанованын "Энеме" аттуу ырынын клибин көрүү үчүн шилтеме.