Бишкектеги үйлөрдүн биринин жанынан граната табылып, үй ээси камакка алынды

Бишкектеги үйлөрдүн биринин жанынан граната табылганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, Бишкек ШИИББинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери 25-июлда саат 22:00 чамасында ыкчам иликтөө иш-чараларын өткөрүштү. Натыйжада мурда соттолгон 58 жаштагы Ч.В. аттуу тургундун үйүнүн жанынан РГД-5 үлгүсүндөгү граната табылган. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zamirbek_77
2016-07-27 09:51:55
Үйүнүн жанынан табылса причём ал жердеги тургундар, мүмкүн бирөө жарым келип таштап койгондур, баштап далилдеп туруп анан камакка алса болмок, акыйкат деген жок бизде, ачык эле (подстава) курук доомат экени билинип туратко.
+5
hann
2016-07-28 01:54:39
Эптеп иштеп жатат деген результат корсотуш керек. Бир таанышымды таксиде линяда жургондо камап салышкан бироонун сумкасынан документтерин уурдап алып койгонсун деп. Болбосо вызов шаардан аэрапортко деп тушкондо клиентке барса оперлер тозуп алып 3 кун ур токмок менен иле албай коюшуп подписка менен коеберишкен. Такыр эле фантазия деген жок, Эптеп подставить этип иш жабыш керек......
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан