"Элим, кайда баратабыз?!" баннерлери Кыргыз Республикасынын Президенти колдогон соң өлкө боюнча илинүүдө. Баннерлерди айрымдар колдосо, айрымдар азыркыга чейин каршы экенин билдирип келишет. Ал эми интернеттеги социалдык тармактарда #Элим_кайда_баратабыз? хештеги менен жазылган билдирүүлөрдүн саны көбөйүп, алгач сындар, ойлор жазылган болсо, учурда мыскылдаган билдирүүлөр басымдуулук кылууда. Белгилүү блоггер Данияр Айтман да четте калбай, баннерлерге болгон көз карашы тууралуу оюн бөлүштү:
"Мага "Кайран элим" чуулгандуу баннерлери жаккан жок. Биринчиден, бул баннерлер мусулмандар коркунучту жаратып жаткансып, аларды душман катары көрсөтөт экен. Экинчиден, баннерлерде аялдардын сүрөттөрү түшүрүлгөн. Аялзаттын кийими аялдын жеке иши эмес, коомдукундай (эркектердики дагы). Бул туура эмес. Биринчиден, мусулмандар душман эмес. Мусулмандар коркунучтуу эмес. Мусулмандар - биздин элдин көпчүлүгү. Коомчулуктун динин, негизи эле бардык диндерди жаман аттуу кылбоо керек. Мусулмандардын көпчүлүгү, Куран менен жашоого аракеттенгендер, мусулман кийимин кийгендер - терроризмден алыс, тынч жашаган адамдар. Мусулмандардын көпчүлүгү өздөрү террористтердин курмандыгы болушууда. Мусулмандар - терроризмге каршы күрөшүүчү өнөктөштөр. Экинчиден, аялдар каалаган кийимин кийүүгө укуктуу. Эч ким аларга кайсы бир кийимди кийүүгө милдеттендире албайт. Мусулмандарга каршы эмес, террористтерге каршы күрөшүү керек. Исламга эмес, экстремизмге каршы күрөшүү керек.
Экстремизм деген эмне?
Аял киши өз каалоосу менен хиджаб кийгени - экстремизм эмес, ал өзүнүн тандоосу. Экстремизм - аялды хиджабды же дагы башка кийимди кыйнап кийгизүү. Экстремисттер бардык аялдарга хиджабды кыйнап кийгизүүнү көздөшүүдө. Мына ушуга каршы күрөшүү керек.
Бул эмнени билдирет? Хиджабчан аялдарды жаман көрсөтпөй, светтик коомдогу аялдын позитивдүү элесин жаратуу керек. Ар кандай кийим кийген ар кандай аялдарды көрсөтүп, баарын тең татыктуу аял деш керек. Аялдын намысы кийим менен ченелбейт.
Экстремисттер адамдардын баарын мусулмандардын мыйзамы менен жашатууну каалашат. Аларга туура жооп - исламга тыюу салуу эмес, жарандардын өз абийири жана каалоосу менен жашоо укугун коргоо".