"Алга" футболдук клубунун лидерлеринин бири Мирбек Ахматалиев өлкөнүн вице-чемпиону "Дордой" футболдук клубунун катарына кошулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Дордой" футболдук клубунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, оюнчу 1,5 жылдык келишимге кол койду. Учурда "Дордойдун" курамында машыгып баштаган футболчу №27-футболкага ээ болмокчу. "Трансфердин суммасы тууралуу маалымат берилбейт" деп белгилешти клубдун өкүлдөрү.
Кошумчалай кетсек, 1994-жылы туулган Мирбек Ахматалиев карьерасын 2011-жылы "Дордой-Плаза" клубунда баштаган. 2012-жылы "Дордой-94" командасынын катарына кошулса, кийин "Динамо МВД", "Абдыш-Ата" клубдарында ойногон. Акыркы жылдары ал бишкектик "Алганын" катарына кошулуп, команда лидерлеринин бирине айланган. ТОП-Лиганын быйылкы сезонунда 11 гол жаратууга жетишкен.