24-июлда Бишкекте кулатуу эр таймаш боюнча Эл аралык ММА WEF PROFFIGHT мелдеши өткөрүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бүткүл дүйнөлүк кулатуу федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев билдирди.
Кыргыз Республикасы, Тажикстан жана Өзбекстандын мушкерлери катышкан мелдеште 16 беттеш орун алды.
Беттештердин жыйынтыктары:
57 килограмм салмакта
1. Амантай Куштарбек уулу (КР) - Алишер Урбаев (Тажикстан)
Куштарбек уулу 1 мүнөт 38 секундада нокаут менен жеңишке жетишти.
2. Данияр Жаныбек уулу (КР) - Рамазан Ногуев (КР)
Ногуев 1 мүнөт 2 секундада ыкмага салып жеңишке жетишти.
3. Медербек Субанов (КР) - Фирдавс Окилов (Өзбекстан)
Субанов 49 секундада атаандашын нокаутка учуратты.
65 килограмм
4. Азамат Баатырбек уулу (КР) - Бакберген Үсөнов (КР)
Үсөнов 2 мүнөт 6 секундада техникалык нокаут менен жеңип чыкты.
66 килограмм
5. Нурлан Курманалиев (КР) - Хуснидин Махсудов (Өзбекстан)
Курманалиев калыстардын чечими менен упай катыштыгында жеңишке жетишти.
6. Белек Шарип уулу (КР) - Закир Почоев (Тажикстан)
Шарип уулу ыкма колдонуп 3 мүнөт 50 секундада атаандашын утуп алды.
61 килограмм
7. Жигитали Байзаков (КР) - Мирсаид Ахмедов (Тажикстан)
Байзаков упай катыштыгында утту.
70 килограмм
8. Ринат Саякбаев (КР) - Жавохир Умирзаков (Өзбекстан)
Саякбаев 1 мүнөт 48 секундада техникалык нокаут менен жеңишке жетишти.
77 килограмм
9. Манас Темирбеков (КР) - Мамижон Мамажанов (Өзбекстан)
Темирбеков ыкма колдонуп жеңишке жетишти.
10. Кайрат Жаныбек уулу (КР) - Эмилбек Бекназаров (КР)
Бекназаров 1 мүнөт 12 секундада техникалык нокаут менен жеңишке жетишти.
66 килограмм
11. Азиз Сатыбалдиев (КР) - Атабек Алиев (Өзбекстан)
Сатыбалдиев 4 мүнөт 36 секундада ыкма колдонуп жеңишке жетишти.
12. Канат Келдибеков (КР) - Улан Эмилбеков (КР)
Келдибеков техникалык нокаут менен 3 мүнөт 35 секундада утуп чыкты.
93 килограммдан жогорку салмак
13. Токтар Рахметуллаев (Казакстан) - Уткир Рузиев (Өзбекстан)
Рузиев 4 мүнөт 42 секундада ыкма колдонуп утушка ээ болду.
66 килограмм
14. Бусурманкул Абдибайит уулу (КР) - Валишер Рахмонов (Өзбекстан)
Абдибайит уулу 4 мүнөт 30 секундада техникалык нокаут менен жеңишке жетишти.
77 килограмм
15. Самат Эмилбеков (КР) - Миршахоб Ахроров (Өзбекстан)
Эмилбеков 4 мүнөт 36 секундада техникалык нокаут менен жеңип чыкты.
93 килограммдан жогорку салмак
16. Нурлан Токтобакиев (КР) - Гайрат Хамроев (Тажикстан)
Токтобакиев ыкма колдонуп 3 мүнөт 48 секундада утуп чыкты.