МЕДИА-ПОРТАЛ: "Поезддеги махабат" клиби "Биз" тобун жарнамалоо үчүн тартылган" дейт режиссёр Алим Токторов

Легендарлуу "Биз" тобунун ар бир чыгармасы учурунда хитке айланып, азыр да популярдуулугун жоготпой келет. "Поезддеги махабат" ыры да топтун популярдуу ырларынын катарын толуктайт.

Аталган ырдын клиби тууралуу режиссёр Алим Токторов буларга токтолду: "Бул клипти тартуудагы максат "Биз" тобун пропагандалоо, жарнамалоо, элге топтун жигиттеринин жүзүн таанытуу болгон. "Адина" ырынын клибин тик учак менен тартсак, бул ирет поездде клип тартууну чечкенбиз. Азыр бул ырды Кайрат Примбердиев ырдап жүрөт. Ал клибинде жаш жигит өзүнөн улуу кызды жакшы көрүп калганын көрсөткөн. Бирок, тескерисинче, жашы улуу киши поездде жаш кызды жактырып калганы баяндалат эле. Биз бул ырды 30 жаштан ашканда жазганбыз. Ошондуктан жаштык кезин эскерип ырдаган адамдын ыры эле".

"Поезддеги махабат" ырынын сөзүн Алим Токторов менен Бактияр Токторов жазган.

"Биз" тобунун "Поезддеги махабат" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bek1996_01
2016-07-27 19:30:09
Биз тобуна соз жок
+1
milashka.98
2016-07-27 23:51:59
Алга азаматсынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан