УКМКнын сайты хакерлердин чабуулуна туш болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда SUPER.KG порталына УКМКдан билдиришти.
"Бүгүн саат 17:00дөн өтүп УКМКнын расмий сайтына хакерлер тарабынан чабуул болду. Ошол замат сайт биз тараптан атайын жабылган. Учурда чабуул ким тарабынан жасалгандыгы тууралуу иликтөө иштери жүрүүдө", - деп билдиришти УКМКнын басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, УКМКнын сайтын ачкан учурда "Күрд хакерлери" деген жазуу чыгып, анда адамдардын бийлеп жаткан видеосу да пайда болгон. Ал эми учурда мекеменин сайты такыр эле ачылбай калган.