Ысык-Көл облусуна караштуу Бостери айылында көлгө чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-июлда саат 15:35 чамасында "Бостери айылындагы пансионаттардын биринен көлгө бир адам чөгүп кетти" деген маалымат түшкөн. ӨКМнын №31-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес. 27-июль күнү саат 09:00 чамасында сууга чөгүп кеткен Кадамжай районунун 1980-жылы туулган А.С. аттуу тургунунун жансыз денеси көлдүн ичинен табылган.