Көчмөндөр оюндарына даярданып жаткан бийчилерге түшкү тамак бербей, тыныгууга да чыгарбай жатышканын SUPER.KG порталына өздөрүн ыктыярчылар катары тааныштырган эки окурман WhatsApp аркылуу билдирген.
Алар оюндардын ачылыш аземине даярдалып жаткан бийди үйрөнүү үчүн эртең менен келип, саат 10:00дөн 14:00гө чейин болуп жатышканын, бирок бул аралыкта аларга тамак берилбей жатканын жазышкан. "Маалымат каражаттары бизге тамак берилип жатканын айтышкан, бирок андай эмес! Бизге өтө орой мамиле кылынып жатат. Тамак бермек тургай, тыныгууда дүкөнгө да чыгарбай жатышат" деп жазылган окурмандын катында.
Экинчи тараптын оюн угуу үчүн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын мүчөсү, оюндардын ачылуу жана жабылуу аземине жооптуу болгон Дарика Асылбашевага кайрылдык. Ал башта эле ыктыярчыларга тамак берилбей турганы айтылганын, бийге даярдоо күнүнө болгону 3 саатка созулуп жатканын айтты.
"Биз бий боюнча даярдыкты 1-июлда баштадык. Башта суу болбогонун, суу куйганга идиштердин жетпей калганын моюнга алабыз. Калган күндөрү сууну үзгүлтүксүз берип келебиз. Аптасына ыктыярчылар 4 күн келип, бий боюнча репетиция кылып жатышат. 500 адамга тамак берүү чоң каражатты талап кылат эмеспи. Ошол себептүү репетициянын убактысын 5 сааттан 3 саатка кыскартканбыз. Айрымдары кечигип келгендиктен, бий кээде белгиленген убакыттан кечигип башталат. Ошондой эле анын баарын дүкөндөргө чыгып, курсак тойгузуп келгиле деп жиберип коюп, чогулта албай калбайбызбы. Менимче, 3 саатта курсак деле ачпаса керек", - дейт Д.Асылбашева.
Кошумчалай кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь аралыгында Чолпон-Ата шаарында өткөрүлөт. Учурда мелдешке катышарын расмий ырастаган мамлекеттердин саны 20га жетти.