XI Эл аралык "Оймо" фестивалы 29-июлдан 7-августка чейин өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бүгүн, 28-июлда билдирди.
"2006-жылдан бери жыл сайын июль айынын акыркы аптасында Кыргыз Республикасында "Оймо" Эл аралык фестивалы өтүп келет. Ал Бишкек шаарында башталып, Ысык-Көл облусунда аяктайт. Анын негизги максаты - Кыргыз жергесинде устачылык рыногун өнүктүрүү жана өлкөнүн бермети Ысык-Көлдү эл аралык экологиялык таза маданий туризмдин аймагына киргизүү", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Ысык-Көлдө ар кайсы өлкөдөн келген 150дөй устанын эмгектери жарманкеге коюлары маалым болду. Аймактын эң мыкты усталары коноктор үчүн мастер-класстарды өткөрүшөт. Ал эми Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы музейде "Саясаттан тышкаркы куурчактар" көргөзмөсү, "Менин апамдын куурчагы" сынагы жана "Манастын байлыгы" аттуу көргөзмө өтөт.