Бишкек шаарынын 55 жаштагы Н.Ф. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызында үстүбүздөгү жылдын 28-июлунда саат 13:00дөрдө Скрябин көчөсүндө жайгашкан кийим дүкөнүнөн 2100 сомдук көйнөк уурдатканын жазган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 29-июлда кабарлады.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип 49 жаштагы О.А. аттуу бишкектик аял кармалган.
"Учурда бул иш боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.