Бишкекте XI Эл аралык "Оймо" фестивалы өтүп жатат (фоторепортаж)

Бишкектин борбордук аянтында бүгүн, 29-июлда XI Эл аралык "Оймо" фестивалы өтүп жатат. Фестивалдын максаты – кыргыз өлкөсүндөгү кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, байыртадан келе жаткан салтты жандандыруу, маданий мурастарды сактап, кыргыз бермети – Ысык-Көлдү туризмдин ордосуна айландыруу. Көргөзмө Бишкек шаарында 31-июлга чейин уланат. Андан соң август айынын акырына чейин Ысык-Көлдүн жээгинде, Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Көргөзмөгө Тажикстан, Өзбекстан, Кыргыз Республикасынан жана башка өлкөлөрдөн дизайнерлер, сүрөтчүлөр, усталар жана башка салттуу кол өнөрчүлүк менен алектенгендер катышып жатышат. Анда этностилдеги автордук буюмдар: сувенирлер, куурчак, түрдүү аксессуарлар, кийимдер жана башкалар коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан