Бүгүн, 29-июль күнү эртең менен дзюдо боюнча улуттук курамдын мүчөлөрү "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына катышуу үчүн Бразилияга жөнөп кетишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, "Манас" Эл аралык аэропортунан Бразилияга Олимпиадага жолдомо алган 2 спортчу Юрий Краковецкий (100 килограммдан жогорку салмакта), Отар Бестаев (60 килограммдан жогорку салмак) жана машыктыруучу Сергей Мистрюков узап кетти.