II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы оюндардын расмий гимнин эл назарына койду. Эстрадалык-фольклордук жанрда жазылган гимндин сөзү Уланбек Абдрахмановго, обону Эмил Кенжегуловго таандык. Бул тууралуу SUPER.KG порталына катчылыктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, гимнди 9 ырчы аткарган. Алар: Кайрат Примбердиев, Ырыскелди Осмонкулов, Темир Назаров, Жийдеш, Гүлнара Тойгонбаева, Нурайым Азыкбаева, Адил Чекилов, Гүлзада Рыскулова, Эрлан Кенжегулов.
Кошумчалай кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдө орун алат. Мелдешке катышуу тилегин билдирген мамлекеттердин саны 20га жетти.