"Элдик парламенттин" дагы бир мүчөсү кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди. "Элдик парламенттин" жетекчилерине карата козголгон кылмыш иштин негизинде 30-июль күнү Т.К. аттуу дагы бир мүчөсү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө иштери улантылууда", - деп кабарлады маалымат кызматы.
Эскерте кетсек, май айында "өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган акция уюштурууну, андан ары мыйзамсыз аракеттер менен бийликти басып алууну пландаган" деген жүйө менен аталган бирикменин бир катар мүчөлөрү кармалып, камакка алынышкан.