Кикбокс боюнча Дүйнө чемпиону Уланбек Касымбеков эрежесиз мушташта күчүн сынамакчы

Кыргыз спортчусу, кикбокс боюнча Дүйнө чемпиону Уланбек Касымбеков эрежесиз мушташта күчүн сынап көрмөкчү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын машыктыруучусу Алтай Өмүржанов билдирди.

Маалым болгондой, Уланбек эрежесиз мушташтагы дебюттук беттешин өзбекстандык мушкерге каршы өткөрөт. Беттеш 13-августта Жалал-Абадда орун алат. Мушкерлер 57 килограмм салмак категориясында күч сынашат.

"Уланбек азыр Ысык-Көлдө машыгуу сборунда. Мыкты формада экенин айта алам жана жеңишке жетерине ишенем. Ал өз күчүн байкап көрүү жана өзгөчөлүк киргизүү үчүн ушундай чечим кабыл алды. Ошондой эле жакын арада ири мелдештер жок, андыктан күч сынап көрүү үчүн ыңгайлуу учур болуп турат", - дейт машыктыруучу.

Кошумчалай кетсек, Уланбек Касымбеков Кыргыз Республикасынан чыккан мыкты кикбоксчулардын катарын толуктайт. Ал 2013-жылы жабык имаратта өткөн Азия чемпиондугунда коло медаль, 2015-жылы Сербияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aigerimosh
2016-08-01 11:15:34
Ayabai jagat uwul baike.Allahym kuch kubat bersin Ulan sizge.Kyrgyzymdyn jelegin biiikterge jelbiretiniz..Kyrgyzymdyn jigitteri alga))))
+1
Patriot..kg
2016-08-01 12:38:43
Ийгилик. кыргызымдын жигиттери алга деген ырын жагат. Намыска бек тур
+1
egiz-jigit
2016-08-02 16:53:13
Ийгилик жердеш
0
lexus47
2016-08-02 19:23:19
Аябай кичи пейил бала.Ватсаптан суйлошуп турат элек... чон-чон ийгиликтерди каалайм! Эрежесиз эр таймашта бирде "ЖАШ КУЧ" Кыргызстан деген ыры менен чыккан эле) Денени титиреткен ырлардан жаратабер!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан