Канаданын Монреаль шаарында өтө турган эл аралык кинофестивалга Кыргыз Республикасынан Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Атанын керээзи" тасмасы катышмай болду. Бул тууралуу Кинематография департаментинин расмий сайтында маалымдалат.
Маалыматка ылайык, кинофестиваль 25-августта башталып, 5-сентябрга чейин уланат. Кыргыз тасмасы сынактын дебюттук программасына тандалып алынды.
"Атанын керээзи" толук метраждуу тасмасында башкы ролдорду Иман Мукул, Марат Алышпаев, Тынара Абдразаева, Бакыт Мукул жана башкалар ойношкон. Фильм кыргыз элинин маданий мурасын сактоого жана жайылтууга, ата салтын даңазалоого багытталган.
Сценарийге ылайык, Америкада жашап жаткан Азат аттуу бала атасынын керээзи менен анын сөөгүн Кыргыз жерине алып келет. Карыздарынан кутулуп, туугандары, достору менен жолугуп, жергиликтүү окуялардын катышуучусу да болот. Улам барган сайын Ата Журттун топурагы кымбат экенин сезип, Америкага кетер-кетпесин билбей, арсар ойдо калат.