Ар бир чыгарма бир топ кыйынчылыктар, кызыктар менен жаралары талашсыз. "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Кеңеш" тобунун "Жаккым келет" ырынын клибин тартуу учуру да бир топ кызыктар менен коштолгон. Аталган чыгарманын клибиндеги башкы каарман Гулинса Нышанбай кызынын айтымында, актёрлордун суу болуп, үшүп калгандыгы негизги кыйынчылык болгон.
"Клипти тартуу учурунда эки күн бою жамгырдын жаашын аябай күттүк. Улам даярданып, жасанып алып чыксак, жамгыр жаабай койду. Анан 3-күнү өзүбүз эле жамгырдай кылып суу чачыратып, тартып баштадык. Табигый жамгыр жумшак, анан жай жаайт эмеспи, жасалма жаадырганда үстүңө чакалап суу куйгандай эле болот экен. Үч-төрт саат ошол сууда турдук. Мен аябай үшүп, титиреп, араң сүйлөп жаттым. Негизги кыйынчылык сууда көп туруп калганыбыз болду", - дейт Гулинса Нышанбай кызы.
"Кеңеш" тобунун "Жаккым келет" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.