"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында бокс боюнча мелдештерде өлкө намысын жалгыз мушкер Эркин Адылбек уулу коргомокчу. 81 килограмм салмакта рингге чыга турган мушкер Бразилияга жөнөп кетти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Ошондой эле аны коштоп бокс боюнча улуттук курамдын машыктыруучусу Адылхан Бекболотов океандын ары жагына сапар алды.