Жакында эле дүйнөгө белгилүү футболчу, “Барселонанын” аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси имиджин күтүүсүз өзгөртүү менен баарын таң калтырган эле. Табиятынан кара чачтуу болгон футболчу чачын ачык түскө боёп, ак чачтуулардын катарын толуктаган.
"Адамда сырткы көрүнүшүн өзгөртүү каалоосу бир күндө эмес, убакыттын өтүшү менен келет. Калыптануу учурунда түрдүү идеялар пайда болушу мүмкүн. Чынында, бүгүнкү өнүккөн заманда мындай жолду кыскартууга мүмкүн. Месси чечкиндүүлүгүн жана тайманбастыгын көрсөттү деп ойлойм. Ал өзгөрүүдөн корккон жок", - деп билдирген футболчуну блондинге айланткан стилист Ариэль Бермундес.
Белгилүү футболчунун күтүүсүз имидж өзгөртүүсүнө бардык эле күйөрмандары позитивдүү көз караштарын билдиришкен эмес. Кээ бир күйөрмандары футболчуну колдоорун билдиришсе, башкалары ишенимдүү түрдө "Лео эми башка" деп айтып чыгышкан. Учурда эки тараптын талашып-тартышуусу дагы деле кызуу уланууда.
Бул ирет ар кайсы мезгилде чачтарын ачык түскө боёп, блондинге айланган футболчуларды назарыңыздарга сунуштайбыз. Алардын катарында Дэвид Бекхэм, Неймар, Антуан Гризманн, Серхио Рамос, Фёдор Смолов жана башкалар бар.