Бишкек шаарында милициянын каттоосунда турган жашы жете элек өспүрүмдөр арасында спорттук мелдеш старт алды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, спорттук мелдеште каттоодо турган балдар спорттун 6 түрү боюнча күч сынашат. Алар: кичи футбол, стол тенниси, сууда сүзүү, дартс, бука тартыш жана таяк тартыш. Балдардын шамдагайларын аныктаган мелдеш 5-августка чейин созулат.
"Иш-чаранын башкы максаты балдар арасында укук бузууларды алдын алуу жана өспүрүмдөрдү спортко, сергек жашоого үндөө болуп саналат. Мелдешке райондук Спартакиададан биринчи орундарды алгандар жана Бишкектин төрт районунан келген окуучулар катышат", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.