30-июлда Нарын облусунун Ат-Башы районунда кулатуу эр таймаш боюнча "WEF Selection-3" мелдеши болуп өттү. Анда жалпысынан 14 беттеш орун алганын Дүйнөлүк эр таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев билдирди.
Маалым болгондой, мелдешке өлкөбүздүн мушкерлеринен тышкары Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстандын мушкерлери катышты. Казакстандан келген спортчулар менен тажикстандыктар өз ара беттешсе, Кыргыз Республикасынын мушкерлери өзбекстандык спортчуларга каршы турушту. Жыйынтыгында Өзбекстандан келген 12 мушкердин 6сы жеңип, 6 жеңилүү ызасын тартты. Ошентип, командалык эсепте тең чыгуу катталды.