"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына катыша турган балбандар Бразилияны көздөй сапар алышты

Солдон-оңго: Арсен Эралиев жана Айсулуу Тыныбекова

Бүгүн, 3-август күнү күрөш боюнча улуттук курам "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына катышуу үчүн Бразилияны көздөй сапар алышты. Курамда 7 балбан бар.

Кошумчалай кетсек, АКШ, Казакстан, Монголия жана Түркияда өткөн мелдештердин жыйынтыгында кыргыз балбандары 7 жолдомого ээ болушкан.

Грек-рим күрөшүнөн килемге Арсен Эралиев, Руслан Царев, Жанарбек Кенжеев жана Мурат Рамонов сыяктуу балбандар чыгат. Ал эми эркин күрөш боюнча таймаштарда Магомед Мусаев менен Айаал Лазарев күч сынамакчы. Кыз-келиндер арасындагы эркин күрөштө өлкө намысын Айсулуу Тыныбекова коргомокчу.

Кошумчалай кетсек, Олимпиада оюндарына 5-августта старт берилет. Ал эми күрөш боюнча мелдеш 14-августта башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
kama_future_millioner
2016-08-03 11:30:45
Ийгилик мекендештер
+1
tulpar90
2016-08-03 12:34:39
Ийгилик жеңиш
0
erjigit-e.15
2016-08-03 12:35:13
Жениш кутобуз
0
kalima88
2016-08-03 12:41:16
Ийгилик жандасын, намыска бек турунуздар!
0
tulpar90
2016-08-03 12:44:05
Тынч өтүп кетишине тилектешпиз.
0
Patriot..kg
2016-08-03 12:46:36
Олиптен алтын кутобуз
0
bekos2012
2016-08-03 13:16:56
Үмүт силерде балбандар, ийгилик коштосун
0
Saulema
2016-08-03 14:03:47
Ийгилик
0
Saulema
2016-08-03 14:04:37
Эмнеге менин жазгандарым чыкбайтат
0
fanatka19
2016-08-03 14:58:11
Аман эсен жетип алгыла,олжолуу кайткыла.тилектер орундалсын үмүттөр акталсын оомийин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан