Орусиядан Кыргыз жерине "Африканын алптары" аталышындагы көрсөтүү менен цирк өнөрпоздору келишкен. 3 тонналык Бонни аттуу керик, Багир аттуу акыра, чанда кездешүүчү ак арстан, ак, сары бенгал жолборстору, гамадрил маймылдары биздин өлкөгө алгачкы ирет келип жатышат. Бүгүн, 3-августта Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркине барып, жаныбарлардын сахнага чыгууга даярданып жаткан учурун көрүп келдик.
30 жылдан ашуун түрдүү жаныбарларды кичинекейинен колго үйрөтүп, баладай багып келе жатышкан жубайлар Роман Гармаш жана Инна Забелкина сүйүктүү жаныбарлары, алар менен кантип тил табышары, кесиби тууралуу SUPER.KG`ге кызыктуу маек куруп беришти.
Алардын айтымында, кыргыз көрүүчүлөрүн жогоруда аталган жаныбарлар менен эксклюзивдүү көрсөтүүлөр күтүп турат.
6-августта Бишкек шаарында көрүүчүлөргө "Африка алптары" аталган жаныбарлар өнөрлөрүн көрсөтүүнү башташат. Андыктан учурда көрсөтүүгө даярдыктар кызуу жүрүп жатат.
Жаныбарлардын падышасы аталган ак арстан, ак, сары бенгал жолборстору көрсөтүүгө даярданышууда. Алар түрдүү эт, балык менен азыктанышат. Кызыгы, сабизди да сүйүп жешет.
Ак арстан табиятынан текебер келип, өзүн "токойдун, жаныбарлардын падышасы" катары сезери ар бир кыймыл-аракетинен байкалып турду. Машыктыруучусунун буйруктарын оңой менен аткарбай жатты.
"Биз үчүн коркунучтуу же коркунучсуз жырткычтар деген түшүнүк жок. Бардык жырткычтар коркунучтуу, бирок алар агрессивдүү эмес, ишенип коюңуздар. Эгерде ачуусуна тийбесе, ачка болбосо, алар себепсиз адамга кол салышпайт. Албетте, сөз циркте багылып-чоңойгон жырткычтар тууралуу болуп жатат", - деп сөзүн баштады Роман Гармаш.
"Африка ак кериги чөп-чар, түрдүү жашылчалар менен тамактанат. Негизи, кериктин балдары 3 жашка чейин эне сүтү менен азыктанышып, энеси менен чогуу жүрүшөт. Табиятта душмандары жок. Арстандар булардан коркушат, пилдер айланып өтүп кетишет, бирок браконьерлер атайын мүйүзү үчүн өлтүрүшөт. Энеси өлүп, кароосуз калган жаш кериктерди Африкадагы "Жаныбарларды коргоо" фонду таап, сактап калышат.
Сиздер көрүп турган керикти кичинекей кезинен сүт берип багып чоңойттук. Бизди өз ата-энесиндей көрүп калган. Кантип тил табышарыбыз тууралуу узак кеп болот. Билесиздерби, баладай эле карайбыз, эркелетебиз, ойнойбуз, сылап-сыйпайбыз, кээде урушуп да коюшубуз мүмкүн", - дейт Роман Гармаш.
"Булар бизди бала чагынан бери билишет, сыйлашат" деген Роман жолбостор тууралуу буларга токтолду:
"Жолборстордун балдарын 2-3 айлыгынан баштап аялым экөөбүз колубузга алып, кээде коюнубузга алып чогуу жатып алган күндөр болду. Албетте, бир аз чоңойгонго чейин. Андан кийин өз алдынча болгонго, тартипке үйрөтөбүз. Биз булардын экинчи ата-энесиндей болуп калганбыз. Жырткычтар да ойногонду жакшы көрүшөт. Арстан менен чогуу сейилдөөсүнө жол бербейбиз, себеби бири-бирине тиш салып коюшу мүмкүн".
Инна Забелкина Орусиядагы белгилүү жана жаныбарларды үйрөтүүчү саналуу аялдардын бири. Кесиби боюнча бийчи Инна жаныбарларды сүйгөндүктөн 30 жылдан бери ушул кесипти аркалап келет. Анын айтымында, кайсы жаныбар болбосун, адамдар сыяктуу эле кандай мамиле жасап жатканыңды жакшы түшүнүшөт. Андыктан баарын бирдей сүйүп, эркелетип, аяр мамиле жасоого аракет кылат.
"Жаныбарларды колго кичинесинен үйрөтсө жакшы болот. Алар кичинекейинен бизге көнүп калат да, иштешүүдө, бири-бирибизди түшүнүүдө кыйынчылыктар жаралбайт.
Багир - акыранын колдо багылган баласы, тагыраагы, экинчи муундун тукуму. Ал ак көңүл, токтоо, кепшөөчү жаныбар болгондуктан, иштешүү жеңил. Булар колго көнүп калышкан, алсыз жандык болуп эсептелинет да, эркиндикке коё берилгенден кийин азыгын таап жашап кете алышпайт. Андыктан өмүр бою адамдардын кароосунда болушат. Адамдардай буларда да терс мүнөздөр болот,
бири-биринен айырмаланышат. Жаныбарлардын өмүрүнүн узактыгы карап-багуудан көз каранды. Ошон үчүн дайыма жуунтуп, ысыкта сууга түшүрүп, бирдей температурада жүрүүсүн көзөмөлдөп, болушунча жандыктарга жакшы шарт түзүп, туура тамактандырууга аракет кылабыз", - дейт Инна Забелкина.
Боюнун узундугу 6 метр болгон бул акыранын аты Бонни экен. 12 жашта. Орусияга Германиядан алынып келинген. Буга чейин Орусиянын цирктеринде өнөрүн көргөзүп келген. Кыргыз жерине анын биринчи саякаты. Германияда колго үйрөтүлгөндүктөн, немис тилинде айтылган командаларды түшүнөт. Орус тилин да бир аз түшүнүп калганын айтышат Роман Гармаш менен Инна Забелкина.
Микки жана Жон аттуу маймылдар учурда 3,5 жашта. Аларды өз баласындай баккан Жанна Симакованын айтымында, азыр алар жаш баладай эле айлана-чөйрөнү таанууга үйрөнүшүүдө. Кээде Жаннанын көңүл буруусун талап кылышып, жадакалса кызганып экөө уруша да кетишет.
"Булар адам сындуу маймылдар эмеспи. Андыктан адамдын кичинекей баласы кандай болсо, булар деле ошондой. Жаш баладай багып, ботко, банан, жашылча-жемиштерди беребиз. Азырынча адамдар менен жакындан байланышы жок, бир аз чочуркашы мүмкүн. Мени кызганып, кээде экөө уруша кетишет. Азыр токтоло элек, ойноок кездери, ойнойлу деп кээде чыр чыгарышат", - дейт Жанна Симакова.