Токтогул районунда катталган жол кырсыгында 2 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 3-августта саат 07:34 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 319-чакырымында орун алган. Анда аталган унаа жолунан 3 унаа сүзүшүп, натыйжада 2 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, Үч-Терек айылынын ооруканасына жеткирилген.