Рио-де-Жанейро шаарындагы экологиялык көйгөйдөн улам Олимпиаданын катышуучулары жана коноктордун саламаттыгы коркунуч алдында. Мындай тыянакты окумуштуулар көптөгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында чыгарышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.
Маалыматка ылайык, экологиялык катастрофанын масштабы уруксат берилген ченемден ашып кеткен. Мындай көрүнүш Риодо гана эмес, Бразилиянын бардык шаарларында байкалат.
Кошумчалай кетсек, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын расмий ачылышы 5-августка туураланган. Оюндарга 207 мамлекет катышууда жана спортчулардын саны 10 миңден ашат.
Кыргыз мамлекетинин желеги астында Олимпиадага 19 спортчу катышат. Жолдомо ээлери: жеңил атлетикадан Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова, Виктория Полюдина, Илья Тяпкин, грек-рим күрөшүнөн Жанарбек Кенжеев, Арсен Эралиев, Мурат Рамонов, Руслан Царев, эркин күрөштөн Магомед Мусаев, Айаал Лазарев, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, мушкерЭркин Адылбек уулу жана оор атлетчилер Изат Артыков, Жаңыл Океева, дзюдочулар Юрий Краковецкий менен Отар Бестаев. Ошондой эле атайын чакыруу менен сууда сүзүү спорту боюнча Денис Петрашов жана Дарья Таланова мелдешке катышат.