"Азия MIX" командасынын эң шайыр оюнчуларынын бири, көрүүчүлөргө Абдулниязов деген фамилия менен белгилүү болгон Сергей Душимов кечээ, 4-августта үйлөндү. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта интернеттеги социалдык тармактарда эки жаштын жакын жоро-жолдоштору жазып чыгышты.
Сергей Душимов өзүнүн сүйүктүүсү Анна Русскихке баш кошуп, анын үйлөнүү тою борбор калаадагы ресторандардын биринде орун алды. Тойго "Азия Mix" КВН командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров, команданын башка оюнчулары жана эки жаштын дос, туугандары катышты.