КҮНСЕРЕП: Эл көзүнө кедей көрүнүү кезеги сотторго жетти

Бүгүн, 5-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Мындан ары өлкөдөгү судьялар жана судьялык кызматка талапкерлер мүлкү, жылдык киришеси менен бирге чыгашалары тууралуу декларация тапшырышат. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Президенттик аппараттан мындай чара сот системиндеги коррупциянын алдын аларын билдиришти.

Кыргыз мамлекетинин министрлери, депутаттары, жооптуу саясий органдарынын жетекчилери бир нече жылдан бери мүлкү менен кирешесин декларациялап келишет. Бирок андагы маалыматтарга коомчулукта ишенбестик күч, буга негиз берген жагдай – чиновниктер мүлктөрүн башка бирөөлөрдүн атына каттатып, өздөрүн кедей көрсөтүүгө жасаган аракети. Азыркы учурда “үстүмдө үйүм, астымда унаам жок” деген чиновниктер көпчүлүктү ынандыра албайт. Жогорку Кеңештин мурунку спикери Асылбек Жээнбеков, мурунку премьер Темир Сариев, экономика министри Арзыбек Кожошев 2015-жылкы кирешелери боюнча декларацияга менчик автоунаалары жок экенин жазышты. Буга ишенүү кыйын, анткени азыр карапайым жарандар үчүн деле унаа кол жетерлик буюм. Мындай мисалдар, "жөө жүргөн" депутаттар толтура. 2014-жылы парламентте декларацияда туура эмес жана толук эмес маалымат берген кызматкерге 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин айып салууга багытталган мыйзам кабыл алынып, президент кол койгон. Башкы прокуратура туура эмес декларация тапшырган жаранга чара көрөрү айтылган. Бирок ошол эле жылы Башкы прокуратуранын өзүнүн 110 кызматкери жылдык кирешеси тууралуу декларация тапшырбай койгонун парламент депутаты Айнуру Алтыбаева айтып чыккан. Мүлктү декларациялоо коррупцияны азайтып жиберди дегенге ынанымдуу мисалдар жок. Кирешеси тууралуу жалган маалымат бергени үчүн айыпка жыгылган чиновниктерди өлкөдө уккан-көргөндөр жокко эсе. Мүлкүн башка бирөөнүн атына каттатып, эл көзүнө кедей көрүнүү аракети эми судьяларга жугушу мүмкүн.

2016-жылдын апрель айында мамлекетке кайтарылган Өзбекстандын Ысык-Көлдөгү 4 пансионатынын бири “Золотые пески” эс алуу жайынын кызматкерлери маяналарын ала албай жатканын май айында Жогорку Кеңеште депутат Узарбек Жылкыбаев айтып чыккан. Кызматкерлер маянасын бүгүнкү күнгө чейин ала албай жатканы белгилүү болду. Пансионаттын жамааты президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду пансионаттарды улутташтыруудан кийинки айлыктар боюнча карызды төлөп берүүдөн баш тартып жатканын билдирди. Маалыматка таянсак, аталган фонддун жооптуу өкүлү арыздануучуларга пансионаттын мурунку кожоюнуна же сотко кайрылуу керектигин айтып жооп узаткан. Мамлекеттин карамагына алынган пансионаттарды жеке менчикке өткөрүп берсе маселе чечилери парламентте депутаттар тарабынан көтөрүлгөн, бирок активдүү колдоо таппады. Айлык чуусу эмдигиче чечиле элек. Маселени, балким, бир аптадан бери Ысык-Көлдөгү резиденциясында иштеп жаткан президент бир жаңсыл кылышы мүмкүн...

Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар республикалык психиатриялык ооруканасында бир катар мыйзам бузуулар орун алууда. Акыйкатчы институтунун маалыматында оорулуулардын жана медицина кызматкерлеринин жеке коопсуздугунун сакталбай жатышы мекемедеги олуттуу мыйзам бузуу деп белгиленип, оорукананын бөлүмдөрүндө орундун жоктугунан өзгөчө катуу көзөмөлдөгү бейтаптар менен кадимки көзөмөлдөгү оорулуулар чогуу жайгаштырылганы айтылды. Бул жайда өзгөчө оор кылмыш кылгандар дарылануудан өтүп жаткандыктан, айым медицина кызматкерлеринин коопсуздугу каралбаганы кошумчаланды. Аталган жайда тартипти өз учурунда көзөмөлдөбөсө, мурункудай чуулгандуу окуялар кайталанбайт деген кепилдик жок.

2014-жылдын февралында Тоң районунда BMW унаасындагы белгисиз адам милиция кызматкерин атып өлтүргөн. Ал Кызыл-Жар ооруканасында дарыланып жүрүп качып кеткен жаран экени белгилүү болуп, эртеси Токтогул шаарында кылмышкерди кармоо операциясында өлтүрүлгөн. Бул окуядан көп өтпөй Кызыл-Жар республикалык психиатриялык ооруканасында бейтаптар козголоң чыгарышкан. Ооруканага Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тинтүү үчүн барышканда бейтаптар каршылык көрсөтүшүп, тополоң салышкан. Жаңжалда ошол жерде иштеген 3 медицина кызматкери, милициянын 6 өкүлү жаракат алган. 2014-жылдын февраль айынын соңунда Ички иштер министрлиги аталган ооруканадан “Общак” аталышындагы уюшкан кылмыштуу топ табылганын, анын мүчөлөрү өлкөдөгү ири кылмыштарга аралашканын жарыялаган. Айтор, чуулуу мекеменин абалы дагы деле оңоло элек сыяктанат. Мүчүлүштүктөрдү өз учурунда жоготпосо, жара ырбап кеткенден кийин иш кыйындап кетери белгилүү. Укук коргоо органдары өткөн окуялардан сабак алган чыгар...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан