Бразилиядагы олимпиадалык айылда Кыргыз Республикасынын желеги салтанаттуу көтөрүлдү

Рио-де-Жанейродогу олимпиадалык айылда 4-августта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги салтанаттуу көтөрүлдү. Бул тууралуу аталган аймактан делегациянын басма сөз катчысы Кабыл Макешов билдирди.

Иш-чарага өлкөнүн Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти Шаршенбек Абдыкеримов, Улуттук олимпиадалык комитеттин башкы катчысы Саламат Эргешов жана Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү катышты.

"Биздин спортчулардан биринчи болуп 6-августта таймашка 60 килограмм салмакта дзюдочу Отар Бестаев чыгат. Анын алгачкы атаандашы египеттик Абелрахман Ахмед болмокчу. Дзюдо күрөштөрү Бишкек убактысы боюнча кечки саат жетиде башталат", - дейт Макешов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
bakulya2015
2016-08-06 12:20:13
Жараткан Алла жигиттерибизге куч кубат ийгилик берсин!
+8
aikol87
2016-08-06 12:41:01
Формалары мынча сонун,аябай жакты.ийгилик медальдар менен келет деп кутолу.видеосун каяктан корсок болот.
+4
Kainar20
2016-08-06 12:58:30
арсен айсуулу руслан жанарбек силерден жениш кутом утасынар ишенем
+6
Matilda
2016-08-06 14:37:51
Кычырап сонун формасы м.н чыгышты.Ийгилик!!!
+5
krem
2016-08-06 15:24:58
сезимдерди ойготуп ачкандале денем дуркуроп кетти анан утулгула деп жазып ириптир бироо кандай дитин барды
+8
ofcourse
2016-08-06 16:00:11
Кудай буюрса жеңишиңерге, Кыргыз эли чыдамсыздык менен күтүшөт.4-жыл даярданган эмгекиңерди акташыңарга убакыт келди. Алга баарыңарга, ийгилик жараткан ө3ү колдосун...!!!!
+6
Naazziikkaa
2016-08-06 18:58:28
Ийгилик мекендештер
+3
Patriot..kg
2016-08-06 19:41:02
Отар Бестаев 101-0го какты
+5
fanatka19
2016-08-06 20:55:39
Ураа Отар Бестаев жеңди.башы жакшы башталды буюрса жакшы бүтөт.
+2
orxidey
2016-08-06 22:09:04
Формалары абдан соонун баарынарга ийгилик тошунордо медальдар жаркылдап келсин.
0
Shat.88
2016-08-07 00:42:24
Достор биздин желек стадиондун так ортосунан орун алыптыр байкадынарбы, ачылышында, коруп суйундум
0
elmurat.kg
2016-08-07 04:36:17
эн коп Кайсы олкодон барыптыр
0
Ali-han
2016-08-07 05:09:51
Юрий краковецкий женет буйруса анан Айсулууга ишеним чон
0
Khabib
2016-08-07 06:01:40
сени ушул утулуп келгиле дегенин учун Кыргызстандын жарандыгынан алындын ха ха
0
ss90
2016-08-07 09:10:37
кийип барган формалары соооонун экен!!!
АЛГА!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан