Рио-2016: Сууда сүзүү боюнча кыргыз спортчусу Дарья Таланова жарым финалга өтө албай, мелдештен четтеди

Кыргыз спортчусу Дарья Таланова "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын алкагында 7-августта сууда сүзүү боюнча жарышка түштү. Бирок ал алдынкы 16 спортчунун катарына кире албай, мелдештен четтеди. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 7-августта 100 метр аралыкка кыз-келиндер арасында жарыш орун алды. Брасс стилиндеги жарышка 43 спортчу катышты. Д.Таланова 100 метр аралыкты 1 мүнөт 10,94 секундада багынтканы менен, 33-орунду ээлеп калды.

Спортчу жарым финалга өтүү үчүн алдынкы 16 спортчунун катарын толуктоосу керек эле. Бирок, тилекке каршы, спортчубуз мелдештен четтеп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nursultan.91
2016-08-08 08:18:48
Эмне демек элек эми, Эчтеке емес,буйруса кийинки олимпиядада ийгилике жетет
+1
Patriot..kg
2016-08-08 08:20:31
Окунучтуу.


Админ ким кайсыл куну саат канчада мелдешке чыгарын жазып койсонор
-1
mikoo
2016-08-08 08:32:41
Жаман болуптур.
-1
ruslanz
2016-08-08 09:51:26
33 орун ото эле. Пара берип кетип калган го.
-1
Chubak3922
2016-08-08 23:33:34
Уталык дуа кылып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан