АКШнын сууда сүзүү боюнча курамасынын өкүлү Майкл Фелпс "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында эстафетада алтын медаль тагынды (эркин сүзүү). 2-орунду Франция, 3-орунду Австралия курамасы багындырды. Чемпиондордун курамында Майкл Фелпстен башка Калеб Дрессел, Райан Хелд жана Нат Адриан сыяктуу спортчулар болушту.
Бул алтын медаль менен Майкл Фелпс өз рекордун жаңылап, Олимпиада оюндарынын тарыхындагы 19-алтын медалын алды. Жалпы Олимпиадада алган медалдарынын саны 23кө жетти.
Быйыл 31 жашка толгон спортчу "Афины-2004" Олимпиадасында 6 алтын, 2 коло медаль, "Бээжин-2008" Олимпиадасында ал 8 алтын медаль тагынган. "Лондон-2012" Олимпиадасында 4 алтын, 2 күмүш медаль менен чектелген.