Орусиянын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулары допинг чырынан улам Паралимпиадага катышпайт

Эл аралык Паралимпиада комитети көз карандысыз эксперт Ричард Макларендин баяндамасын негиз кылып, Орусиянын паралимпиадачыларын мелдештерге катыштырбоо чечимин кабыл алды. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасындагы Паралимпиада оюндары 7-18-сентябрь аралыгында Рио-де-Жанейро шаарында өтмөкчү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мунун кесепетинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулардын Олимпиадасына Орусия курамасы катыша албайт. Макларендин баяндамасында 2001-2014-жылдар аралыгында кем дегенде 35 спортчунун допинг-текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы жок болуп кеткени айтылат.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Макларендин баяндамасына таянуу менен Орусиянын жеңил атлетика курамасы "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына катышуу укугунан ажыратылган.

Кыргыз мамлекетинин желеги астында Паралимпиада оюндарына 3 спортчу катышат: пауэрлифтинг боюнча Эсен Калиев менен Жыргал Орозбаев, ядро ыргытуу боюнча Арстанбек Базаркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан