Орусиялык "Дип коммьюникейшн" компаниясы "Айтыш фильм" киностудиясы менен биргеликте "Сулайман-Тоо" толук метраждуу тасмасын тартууга киришти. Тасманын режиссёру - Елизавета Стишова, продюсерлери - Елена Яцура жана Садык Шер-Нияз. Бул тууралуу "Айтыш фильм" студиясынын басма сөз кызматы бүгүн, 8-августта кабарлады.
"Сулайман-Тоо" тасмасында заманбап жашоодогу окуялар баяндалат. Тасмада эки аялы бар, уурулук менен жан баккан 45 жаштагы Карабастын жашоосу чагылдырылат. Расмий никеде турган Жыпара аттуу аялы экөөнүн ортосунда уулу бар. Бирок Карабас түрмөдө отурган убакта уулу балдар ооруканасынан дайынсыз жоголуп кеткен. Карабас аялына боору ооруп, аны менен жашап жүрөт, бирок бул аёо сезими анын Турганбүбү деген жаш сулууну сүйүп калуусуна тоскоол болбойт. Турганбүбүнүн Карабастан кош бойлуу экенин билген Жыпара күйөөсүн кетирбей алып калуу үчүн айласыздан балдар үйүнөн бала багып алат.
Тасманы тартуу иштери толугу менен сентябрь, октябрь айларында Кыргыз Республикасынын аймагында болору пландалууда.