SUPER.KG порталынан "Элдик видео" бөлүмүнө "Гимнасттын буту кыр сөөгүнөн чорт сынды" деген аталыштагы видео жүктөлдү.
Видеодон "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында ийгиликтер менен катар спортчунун карьерасына бүлүк салчу жаракаттар да катталып жатканын көрүүгө болот. Гимнастика сүйүүчүлөрү франциялык спортчу Самир Аит Саиддин бутунун кыр сөөгүнөн чорт сынганына күбө болушту. Спортчу бийиктикке секирип, жерге туура эмес түшүп калган. Анын кесепетинен сол буту катуу жабыркады.
26 жаштагы спортчу көп өтпөй операциянын ийгиликтүү өткөнүн, кийинки Олимпиада оюндарында алтын медаль утарын убада кылды.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.