Футболчу Поль Погба 4 жылдан кийин "Манчестер Юнайтедге" кайтып келди

Франция курамасынын жарым коргоочусу Поль Погба англиялык "Манчестер Юнайтед" менен келишим түздү. Буга чейин ал Италиянын "Ювентус" клубунда ойноп келген.

Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, 23 жаштагы футболчу клуб менен 5 жылдык келишим түздү. Трансфердин суммасы 110 миллион евро экени буга чейин айтылганы менен, клуб бул маалыматты тастыктай элек.

Кошумчалай кетсек, Поль Погба "Манчестер Юнайтеддин" негизги курамына кире албай калган соң 2012-жылы "Ювентустун" катарына кошулган. Акыркы 4 жылда ал 4 ирет Италиянын чемпиондугун, 2 ирет өлкө кубогун жана 3 ирет Суперкубокту утууга көмөктөшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Patriot..kg
2016-08-09 09:02:55
Ийгилик
+1
elmurat.kg
2016-08-09 11:16:38
Аа реалга отпогону жакшы боптур
0
maratbek88.88
2016-08-09 13:06:39
М.Ю рулят
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан