"Медиа-портал" бөлүмүндөгү позитивдүү клиптердин бири - "Style mix" тобунун "Күлүп койчу" клиби. Клипти тартуу таржымалы тууралуу топтун менеджери Миргүл Эсеналиева буларга токтолду: "Клип бир күндө, кыйынчылыктарсыз, оңой тартылган клиптердин бири болгон. Клиптин идеясы топтогу балдарга, режиссёр Алмаз Адамкуловго таандык. Клип көрүүчүлөргө позитивдүү маанай тартуулоо максатында тартылган. Анда Айсулуу Молдалиева, ырчы Анжеликанын кичүү кызы жана бийчи жигиттер тартылышкан".
"Style mix" тобунун ырчысы Илима Дуйшеналиева аталган чыгарма тууралуу: "Биз "Жаңы толкун" сынагында "IOWA" тобу менен чогуу ырдап, алардын "Күлүп койчу" деген ырын кыргызчага которуп, клип тартканбыз. Бишкекке аталган топ концерт коюп келгенде атайын барып чепкен, калпак, камчы берип куттуктап келдик. Алар да бизди көрүп абдан кубанышты", - деп билдирген.
"Style mix" тобунун "Күлүп койчу" клибин бул жерден көрүңүз.