Бүгүн, 9-августта Улуттук оюндар боюнча дирекция II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийилчү параддык жана спорттук кийимдер тууралуу маалымат берди. Дирекциянын башчысы Алмазбек Касенов билдиргендей, бул формаларды тигүүдө алгач 1 933 350 сом каралган. Кийинки лотто 3 485 400 сом кошумча сарпталган. Ал эми спорттук форманы (спортчулар жана ыктыярчылар кийген форма) үчүн
2 69 600 сом каралган.
"Биз башка мамлекеттердин өкүлдөрүнөн парадга улуттук кийимдерин кийип чыгууну суранып жатабыз. Аларга талап коюп туруп, өзүбүз спорттук кийим менен парадга басканыбыз болбойт. Ошол себептүү тендер өткөрүп, парад чапандарын тиктирдик", - деди А.Касенов.
Маалым болгондой, параддык кийимдерди эки дизайнер: Жумагүл Сариева жана Эльвира Султангазиева тигишкен. Ж.Сариева калпак жана чепкендер боюнча жооптуу болсо, көйнөктөрдү, шымдарды жана өтүктү Э.Султанова даярдаган.