Режиссёр Аманбек Ажыматтын "Физрук, алтын жана дарыя" даректүү тасмасы Черногориянын
Херцег-Нови шаарында өткөн "Алтын мимоза" кинофестивалында баш байгени утуп алды. Бул тууралуу 9-августта Кинематография департаменти маалымдады.
"Физрук, алтын жана дарыя" тасмасында Аманбек Ажымат сценарийдин автору, режиссёр, оператор жана монтажёр кызматын аркалайт. Тасмада 5000 сом айлык алган айылдагы дене тарбия мугалими кошумча акча каражатын табуу үчүн Нарын дарыясында суу кечип алтын табары көрсөтүлгөн.
Аталган фестиваль 1986-жылдын август айынан бери өткөрүлүп келет.