"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында сыйлыкка илине албай бешинчи кыргыз спортчусу мелдештин эшигин жапты. 16 жаштагы Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча жарышта 38-орунду ээледи. Жалпысынан мелдешке 39 спортчу катышкан. Мыкты жыйынтык көрсөткөн 16 спортчу жарым финалга жолдомо алды.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, спортчу брасс стилинде 200 метр аралыкты 2 мүнөт 16:57 секундада багынтты. Сууда сүзүү федерациясынын маалыматына ылайык, бул көрсөткүч менен Денис Кыргыз Республикасынын жаңы рекордун койду.
Кошумчалай кетсек, буга чейин кыргыз спортчуларынан бокс боюнча катышкан Эркин Адылбек уулу, оор атлетика боюнча Жаңыл Океева, сууда сүзүүдө Дарья Таланова жана дзюдодо Отар Бестаевдин ийгилик жаратабыз деген ойлорун таш каап, жолу болгон эмес.