10-августта "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында кыргыз оор атлетчиси Иззат Артыков 69 килограмм салмакта коло медалды багындырды. Муну менен спортчу эгемендүү Кыргыз Республикасынын 25 жылдык тарыхында Олимпиада оюндарындагы төртүнчү медалды алып келди. Олимпиадада байге алган кыргыз спортчуларын назарыңыздарга коёбуз.
АЛГАЧ ӨЛКӨ ЖАРАНДЫГЫН, АНАН ОЛИМПИАДА МЕДАЛЫН АЛГАН АЙДЫҢ СМАГУЛОВ
Туулган жылы: 1976-жыл, 1-декабрь
Туулган жери: Усть-Каменогорск шаары, Казакстан
Медаль уткан Олимпиадасы: "Сидней-2000"
Спорт түрү: Дзюдо
Айдың Смагулов Казакстанда төрөлүп-өскөн. Дзюдочу 1999-жылы Кыргыз Республикасынын жарандыгын алып, ири мелдештерге Кыргыз өлкөсүнүн желеги астында чыга баштаган. Спортчу көп өтпөй ийгилик тепкичине бет алып, 1999-жылы Японияда өткөн Азия чемпиондугунда күмүш медаль тагынган. Бул мелдеш анын Олимпиадага жолдомо алуусун шарттаган. Азиянын вице-чемпиону "Сидней-2000" Олимпиадасына мыктылардын бири катары катышканы менен, 60 килограмм салмакта биринчи беттешинде утулуп калган. Бирок байге үчүн күрөштү улантып, 4 атаандашын катары менен жеңген. Жыйынтыгында ал көз карандысыз Кыргыз мамлекетине алгачкы медалды утуп берген.
Олимпиадага өлкөнүн атынан 48 спортчу катышкан. Алардын 13ү кыз-келиндер болчу.
ЭКИНЧИ МЕДАЛЬ ЖАНА ЭКИНЧИ КОЛО РУСЛАН ТҮМӨНБАЕВДЕН
Туулган жылы: 1986-жыл, 28-май
Туулган жери: Бишкек шаары
Медаль уткан Олимпиадасы: "Бээжин-2008"
Спорт түрү: Грек-рим күрөшү
Спорт чөйрөсүндө Руслан Түмөнбаевдин ысымы Олимпиада оюндарына 2-3 жыл калганда акырындык менен белгилүү боло баштаган. 60 килограмм салмакта өлкөнүн көп жолку чемпиону 2006-жылы Дохадагы Азия оюндарында коло медаль тагынган. Кийинки жылы Азия чемпиондугунда коло медаль тагынган. 2008-жылы Азия чемпиону аталып, Олимпиадага жолдомо алган. Олимпиада оюндарында спортчу жарым финалда Орусиянын өкүлү Ислам-Бека Албиевге каршы туруп, утулуп калган. Коло медаль үчүн кармашта ал кубалык Роберто Монзонаны 11:0 эсебинде утуп алган. Бул Кыргыз Республикасынын тарыхында Олимпиадада алынган экинчи медаль болгон.
Олимпиадага өлкөнүн атынан 21 спортчу катышкан. Алардын 4ү кыз-келиндер.
КАНАТБЕК БЕГАЛИЕВДИН АЛТЫНГА ТЕТЕ БОЛГОН КҮМҮШ МЕДАЛЫ
Туулган жылы: 1984-жыл, 14-февраль
Туулган жери: Талас облусу, Өзгөрүш айылы
Медаль уткан Олимпиадасы: "Бээжин-2008"
Спорт түрү: Грек-рим күрөшү
Канатбек Бегалиевдин "Бээжин-2008" Олимпиадасында ишенимдүү жарым финалга жеткени элге ишеним берип, анын алтын медаль аларына үмүттөр артылган. Финалдык беттеште ал Франциянын өкүлү Стив Гено менен кез келген. 66 килограмм салмактагы кармашта Гено эки баскычтта 2:0 жана 2:1 эсептеринде жеңишке жетишкен. Эки баскычта тең жеңүүчүнү аныктоодо партер жардамга келген. Жыйынтыгында К.Бегалиев күмүш медаль тагынган. Канатбек Бегалиев Дүйнө чемпиондугунда, Азия биринчиликтеринде, Гран-при мелдештеринде байге алганына карабай аны эл Олимпиаданын күмүш медалынан улам таанышат. Бул медаль өлкөнүн тарыхындагы эң абройлуу медалдардын катарын толуктап, алтынга тете болгонун баса белгилей кеткенибиз оң.
Олимпиадага өлкөнүн атынан 21 спортчу катышкан. Алардын 4ү кыз-келиндер.
ҮМҮТ ОТУНА МАЙ КУЙГАН ИЗЗАТ АРТЫКОВ
Туулган жылы: 1993-жыл, 8-сентябрь
Туулган жери: Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Токтогул айылы
Медаль уткан Олимпиадасы: "Рио-де-Жанейро-2016"
Спорт түрү: Оор атлетика
Бул учурду биз кийин балдарыбызга сыймыктануу менен айтып беребиз. 5 кыргыз спортчусу "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында ийгилик жарата албаганы элдин шаабайын сууткандай болгон. Бирок өчүп бараткан үмүттүн отуна май куйган Иззат Артыков болду. Спортчу Азия чемпиону аталып, калган спортчулар сыяктуу эле Олимпиадага ишенимдүү аттанган. Анын "медаль алабыз", "байгеге илинебиз" деп айтып, ЖМКлар менен маек куруп жатканын көптөр байкаган. Спортчу сөзүнө туруп, бул ийгиликти багындырды. Ал эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата чоң белек кылды десек болот.
Олимпиадага 6 спорт түрүнөн 19 спортчу катышууда.