Бишкекте белгисиз адамдар 46 жаштагы жаранды сабап, тоноп кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 21:40та "Тез жардамдын" нөөмөт бөлүмүнө Бөкөнбаев-Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде шаар тургунун сабап кеткени тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган кызматкерлер 46 жаштагы мас абалдагы жаранды белгисиз адамдар сабап, тоноп кетишкени аныкталган. Башынан жана бетинен жаракат алып, баш мээси чайкалган жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ал ооруканага жеткирилген.