Эльзар Өскөнбаеванын аткаруусундагы "Агатайым" ыры популярдуу ырлардын катарын толуктайт. Бул ырга клип 2011-жылы тартылган, режиссёру - Назым Мендебаиров.
Ырчы клипти тартуудагы кызыктар, кыйынчылыктар тууралуу мындай дейт: "Клип шаардын четинде бир күндө эле тартылган. Клип тартылган жер саз болгондуктан, бир аз кыйынчылыктар жаралды, бутума эч нерсе кийбей жылаңайлак тартылганга туура келген. Кызыгы, менин башка клибиме Жанара аттуу курбум тартылган, андыктан аны эмес, башка бирөөнү тартууну ойлогом. Ал эми бул клипке актёр-актрисаларды режиссёр өзү тандаган эле. Тартуучу аянтка барсам курбум да жүрөт. Бир жагынан кубандым, бирок кайра бардык клиптериме бир эле кыз тартыла берсе кандай болот деп ойлоп кызыктай болдум. Шаардан алыстап кеткенден кийин кайдан кыз тапмак элек деп курбу кызымды тартып койгонбуз".
Эльзар Өскөнбаеванын "Агатайым" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.