Алмазбек Атамбаев коло медаль ээси Иззат Артыков менен телефон аркылуу сүйлөшүп, "биз сени менен сыймыктанабыз" деп айтты

Бүгүн, 10-августта президент Алмазбек Атамбаев "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында коло медаль тагынган Иззат Артыков менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны жеңиши менен куттуктады. Мамлекет башчы анын бул жеңиши бардык Кыргыз мамлекетинин эли үчүн чоң кубаныч экенин белгиледи. "Эртең менен миңдеген кыргыз эли түз эфирден көрүп, сен үчүн күйүп-бышып, сени колдоп турушту. Сенин жеңишиң баарыбызга өз өлкөбүз үчүн сыймыктануу сезимин берет, а жаштарга өз күчүнө ишенүүнү кошот. Биз сени менен сыймыктанабыз!" - деди Атамбаев.

Ошондой эле Иззат Артыковдун ийгилиги кийинки оюндарга чыкчу спортчуларга дем берерин кошумчалады. Кыргыз мамлекетинин элинин атынан ага ден соолук, бакыт-таалай, жаңы ийгиликтерди каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
talant87
2016-08-10 12:06:40
эн кыска жанылык болдуго маниси чон созу жок
-5
kubinez
2016-08-10 12:32:15
Дагы дагы ушундай жанылыктарды чыдамсыздык менен кутобуз Риодон. Алга Кыргызстан!!!
+9
aikol87
2016-08-10 12:34:27
Аябай суйундум,азаматсын Иззат.
0
realmadrid32
2016-08-10 12:34:35
Туура айтыптыр
+1
adisum
2016-08-10 12:34:38
Эмне берет эле женуучулорго? Сыйлык кут болсун!
-9
Kettin-kayda-chyragym..
2016-08-10 12:50:04
Азаматсын урматтуу АША
Ушинтип куттуктап дух Берип тургула
Жаны оюнга чыгатургандарга деле чалып дем куч Берип тургула Президентибиз чалып деп куч Берип жатат деп кичине чыйралып медалга талпынышат
+5
asylbekova
2016-08-10 13:04:23
Азаматсыз Иззат. Кубанганымдан козумо жаш келип, журогум озунчо эле толкунданып жатат
+1
elmurat.kg
2016-08-10 14:43:16
иззат мыкты оюнчу экенсин ачыгы...маладец кийинки спортчулар Качан чыгат???
Ээ неге олимпиадага катышкан спортчулар азайып кеттат...тренерденда завистит этет.малодец тренер..
-2
Agysha
2016-08-10 15:18:52
Азаматсын Изат кандай сонун жанылык, Буюрса бугунку кун, бизге сонун жанылык менен коштолду, сенин утканын, кыргыз элинин утканы деп билели. Бул утуш тарыхта бизден кийинки муундарга сыймык болот. ИншаАллах биздин калган оюнчулар дагы,медаль алып кайтышат. Анан президент куттуктап биринен сала бирин, куттуктап чалсын.
+8
ALATOOLUK.JIGIT
2016-08-10 16:06:20
"Оомат консо бир чымындын башына,зымырык куш салам берер кашына"дегендей,президенттин жеке чалуусу-бул татыктуу сыймык жаш жигитке. Президен ар бир оюнчу матка чыгардан алдын чалса,менимче демине эки эсе дем кошсо керек .
+7
Labadax
2016-08-10 16:13:52
Азаматсын Иззат,ушул кабарды кубанып окуп алып,бугунку куну контейнердин арендасын бергим келбеди.
+2
Belek2070
2016-08-10 16:42:12
Labadax, ))) боорду эзесинда
-1
Belek2070
2016-08-10 16:22:22
Мен ушул кабарды эрте менен окуп Изаатын женгенин угуп козумдон жаш агып кетти.
+1
jalalabad93
2016-08-10 17:36:54
Бугулуп турам кубануудан же куло албай же ыйлай албай толкундануу буткул кыргыз элине жетти
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан