Рио-2016: Олимпиадада медаль уткан Иззат Артыков 3,5 миллион сом, 2 батир жана 1 автоунаа менен сыйланат

Кыргыз спортчусу Иззат Артыков "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында коло медаль тагынды. 69 килограмм салмакта ийгилик жараткан спортчуну эми өкмөттүн, Улуттук Олимпиада комитетинин жана Бишкек мэриясынын сыйлыктары күтүп турат.

Спортчуларды Олимпиадага жөнөтүп жатканда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов сыйлыктар тууралуу маалымат берген. Коло медаль алган спортчуларга кандай кызыктыруучу сыйлыктар каралганын эсиңиздерге сала кетели.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: 3,5 миллион сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык;

Улуттук Олимпиада комитети: Бишкек шаарынан 1 батир жана Toyota Corolla үлгүсүндөгү автоунаа;

Бишкек мэриясы: Бишкек шаарынан 1 батир.

Ал эми спортчунун машыктыруучусуна Улуттук Олимпиада комитети Бишкек шаарынан батир белек кылат жана өкмөт акчалай сыйлык караган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
Zulya2
2016-08-10 13:15:43
тан аткандан бер ыйлайм суйунгонумдон.... менде да эки балам бар Изатын мамасынын ордуна озумду койуп аябай суйунуп атам ыйлап атам ....мындан ары дага-дагы ийгилик....
0
sharolli
2016-08-10 13:33:32
Ак орго, Темир тулпар кут болсун! Сен ага татыктуусун братишка келечегин алдыда жашсын буйруса кийинки олимпиададан алтынды багындыр!
0
nursultan.91
2016-08-10 13:55:52
Сыйлык кут болсун иним, сен Кыргызстандын сыймыгысын,мынданда чон ийгиликтерге жетесин иншаала.
-3
takowa_tyratbekovna94
2016-08-10 14:06:36
Жагымдуу кабар экен озум алып жаткандай эле суйунуп атам жениши кут болсун алгаааааа
0
asad345
2016-08-10 14:07:07
Жениш кут болсун, Изат азамат!
0
Nusu9898
2016-08-10 14:25:06
КРАСАВЧИК!
-1
plutos
2016-08-10 14:32:55
белектер кутболсун!
0
ussr7
2016-08-10 14:40:40
Азамат!!!!
0
jaki_87
2016-08-10 14:42:53
Азаматсын 188 кг. которгонундо дем жетпей калды Жараткандан дуба кылып аттык
0
nurkasym-2014
2016-08-10 15:11:45
Эн жакшы.Мамлекет спортчуларга ушундай жакшы караса буюрса дагы Кыргызстандан далай дуйнону дунгуроткон спортчулар чыгат.
+6
ALATOOLUK.JIGIT
2016-08-10 15:59:47
Окмот татыктуу сыйлык болуп берсе эле биздин спортсмендер оздоруно шарт тузуп эн алдынкы денгеелге анык чыгат. Мекенге келишсе президенттен артык тосуп алышат кыргыз эли. Арсен менен Айсулууну Кудай колдоп алтынга жетишсе экен эми...
0
Komrad
2016-08-10 17:23:36
Спорттун каймы туру экенин комментарийлерден билдим. Азамат
0
saytash11
2016-08-10 18:47:57
Азамат! Дагы көп ийгиликтерди багындыра бер, кыргызымдын сыймыгы!
0
mi2000
2016-08-10 19:22:22
Азамат. Сыйлыктар куттуу болсун.
0
Biinura
2016-08-10 20:49:31
Куттуктайм! Коптогон ийгиликтерди багындырышына тилектешмин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан