Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 10-августта II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган көк бөрү боюнча улуттук курам менен жолугушту. Иш-чарага “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери, Көк бөрү федерациясынын президенти Канатбек Исаев да катышты. Бул тууралуу спикердин басма сөз катчысы Мирлан Токталиев билдирди.
Турсунбеков кыргыз эли ат жалында ойногон чапчаң жигиттерге – көк бөрүчүлөргө сый-урмат менен мамиле кылып келишкенин, алар улуттук оюндарды улап, кийинки муундарга эле калтырбастан, эли-жерин сырткы душмандардан дагы коргоп келгенин белгиледи. Ошону менен катар Чыныбай Турсунбеков кыргыз эли көк бөрү оюну менен адамзат маданиятына салым кошконун көрсөтүп келе жатканын айтып, көк бөрүчүлөргө кыргыз парламенти дагы колдоо көрсөтөрүн, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында баш байгени колдон чыгарбайт деп бекем ишеним артарын билдирди.
Маалым болгондой, улуттук курам өлкөнүн алдынкы беш командасынан тандалып алынган жана бир айдан бери машыгуулар жүргүзүлүп келет.
Спикер башка жумуштарын, үй тиричилигин мындай коюп, Кыргыз Республикасынын намысын коргой турган, көз кубанткан балбан жигиттерге ак жол каалап, бата тиледи. Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан көк бөрү оюнунун өнүгүшүнө 300 миң сом каражат бөлүнөрүн белгиледи.