"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына катышкан 6 кыргыз спортчусу мекенин көздөй аттанды. Бул тууралуу олимпиадалык делегациянын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, мушкер Эркин Адылбек уулу, дзюдочу Отар Бестаев, оор атлетчилер Иззат Артыков, Жаңыл Океева жана сууда сүзүү мелдештерине катышкан Дарья Таланова менен Денис Петрашов океандын ары жагынан жолго чыгышты. Делегация Кыргыз жерине 12-августта келип түшөт.
Кошумчалай кетсек, Олимпиада оюндарына жалпысынан 19 спортчубуз катышууда. Калган спортчулардын кайсы күнү мелдештерге катышарын бул жерден көрсөңүз болот.