Орусиялык белгилүү ырчы Алсу уул төрөдү

Кечээ, 10-августта орусиялык белгилүү ырчы Алсу уул төрөп, үчүнчү ирет эне болду. Кабарды ырчынын өкүлү маалымдап, түгөйлөрдүн бактылуу жашоосу тууралуу толугу менен кийинчерээк маалымдаарын айткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ал эми бир нече саат мурун Инстаграмдагы баракчасы аркылуу ырчы кубанычтуу кабары менен куттуктаган бардык күйөрмандарына ыраазычылык билдирди. "Биздин үй-бүлөгө кош келипсиң, Рафаэль! Сенин ысымың биздин үйдө өзгөчө мааниге ээ. Бул ысымды татыктуу алып жүрөсүң деп ишенем. Баарыңыздарга жылуу каалоо-тилектериңиздер үчүн рахмат!" - деп жазып, кош бойлуу кезинде түшкөн сүрөтүн илген. Билдирүү кыска убакытта 55 миңден ашуун "жакты" белгисине ээ болуп, 2 миңге жакын билдирүү келген.

Алсу жолдошу Ян Абрамов менен баш кошконуна быйыл 10 жыл болуп, бул убакытта түгөйлөр эки кыздуу болушкан. 2006-жылдын сентябрь айында Сафина аттуу кызы төрөлсө, 2009-жылдын апрелинде Микелла аттуу кызы жарык дүйнөгө келген. Ырчы үчүнчү жолу эне болору тууралуу маалымат 2016-жылы жаз мезгилинде белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
fantastic_baby
2016-08-11 12:11:39
Омурлуу болсун, бешик боосу бек болсун.
+2
aseras
2016-08-11 14:04:17
Болсун болсун...)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан