30-августта Бишкек шаарында футбол боюнча Казакстан курамасы менен Кыргыз Республикасынын курамасы кез келет. Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алчу беттешке 20:00дө старт берилет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 11-августта КРнын Футбол федерациясынан маалымдашты.
Бул жолдоштук беттеш Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) тарабынан расмий жолдоштук беттештердин катарына киргизилген.
Билеттер 18-августтан тарта 200, 350 жана 500 сомдон сатылмакчы.