II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Бишкекте этникалык мода көргөзмөсү жана музыкалык сынак өтөт

Бишкектеги “Супара” этнокомплексинде 12-14-августта II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында этникалык мода, музыка жана ыр боюнча республикалык сынак өтөт. Максаты - башка маданияттын улуттук салт-санааларына болгон сый-урматты тарбиялоо, ошондой эле жаш музыканттардын чыгармачылык чеберчилигин жана аткаруучулук маданиятын көтөрүү, фольклордук көркөм өнөрдүн эң мыкты үлгүлөрүн жайылтуу максатында этномузыкада ар кандай багыттагы таланттуу аткаруучуларды жана топторду аныктоо жана аларга колдоо көрсөтүү. Бул тууралуу аталган оюндардын басма сөз кызматы бүгүн, 11-августта маалымдады.

Сынакка катышуу үчүн ар кандай аспаптарда ойноо менен жеке же топтун курамында ырдаган,
этномузыканын ар кандай багыттарында (этно-поп, нью-эйдж, дүйнөлүк музыка, дүйнө элдеринин музыкасы) өзүн сынап келе жаткан профессионал музыканттар жана музыка сүйүүчүлөрү чакырылган.

Андан сырткары кийим-кече жана аксессуарлар боюнча жаш дизайнерлер: кесиптик мектептерде жана жогорку окуу жайларда окуган, иштеп жаткан модельерлер жана кийим-кече дизайнерлери, ошондой эле бул багыттын сүйүүчүлөрү чакырылган. Номинациялар үч багыт: этностиль, авангард жана аксессуарлар боюнча болот.

Сынактын жеңүүчүлөрү “Nomad Fashion Fest 2016” фестивалына катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Фестиваль 2016-жылдын 5-7-сентябрында Ысык-Көл облусунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн жүрүшүндө өтөт.

“Nomad Fest” фестивалынын байге фонду 100 миң сомду түзөт: 1-орунга 50 миң сом, 2-орунга 30 миң сом, 3-орунга 20 миң сом. Мындан сырткары катышуучулар фестивалдын дипломдору жана сувенирдик буюмдар менен сыйланышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан